Шри-Ланкада ири жардыруу болуп, кеминде 42 киши каза тапты. Сүрөт

Маалыматка ылайык, жардыруу үч чиркөө менен үч мейманканада болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бүгүн, 21-апрелде, Шри-Ланкадагы католиктердин чиркөөсү менен борбор калаадагы мейманканаларда жардыруу болуп, кеминде 42 киши каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги FrancePress басылмасына таянуу менен жазды. Ал эми Russia Today телеканалынын билдиришинче, каза болгондордун саны 52ге жетти.

​Маалыматка ылайык, Котахена, Негомбо жана Баттикалоа шаарларындагы үч чиркөөдө Пасха майрамы белгиленип жатканда жардыруу болгон. Андан сырткары, өлкөнүн борбору Коломбо шаарындагы беш жылдыздуу Shangri-La, Cinnamon Grand жана Kingsbury мейманканаларында дагы жардыруу болгон.

Жабыркагандардын саны 280 кишиден ашты.

Жергиликтүү полиция окуя болгон жерди дароо курчоого алган.