Шри-Ланка: жардырууларга шектелип жети киши кармалды

Акыркы маалыматтар боюнча жардыруудан 207 киши каза болуп, 500гө жакыны түрдүү жаракаттарды алышты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Шри-Ланкадагы биринин артынан бири болгон жардырууларга катыштыгы бар деген шек менен жети киши кармалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн экономикалык реформа жана мамлекеттик бөлүштүрүү боюнча министри Харша де Силвага таянуу менен жазды.

21-апрелде Шри-Ланкада Пасха майрамын майрамдоо учурунда чиркөөлөрдө жана башка мейманканаларда сегиз жардыруу болду. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан 207 киши каза болуп, 500гө жакыны түрдүү жаракаттарды алышкан.