Эс-учун жоготкон, канжалаган адамдар. Шри-Ланкадагы жардыруудан кийинки видео

Акыркы маалыматтар боюнча жардыруудан 215 киши каза болуп, 500гө жакыны түрдүү жаракаттарды алышты. Кылмышка шектелип жети адам кармалды.
Sputnik

Жекшемби, 21-апрель күнү Шри-Ланканын үч чиркөөсү менен үч мейманканасында жардыруу болду.

Шри-Ланка: жардырууларга шектелип жети киши кармалды
Жетинчи жардыруу Дехивала шаарындагы зоологиялык бакта болуп, эки адам каза таап, бир нече киши жаракат алды.

Ал эми сегизинчи жардыруу борбор калаа Коломбонун чет жагындагы Дематагода шаарында болду.

Russia Today телеканалынын билдиришинче, Шри-Ланканын бийлиги өлкөдө WhatsApp, Viber жана Facebook мессенджерлеринин иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизди. Ошондой эле кечки саат 18:00дөн таңкы 6:00гө дейре комменданттык саат киргизилип жатат.