Илимпоздор кайсы учурда жасалган машыгуу арыктатарын айтышты

Адистер майды кетирген процесстерге оң таасирин тийгизген метаболиттер күндүн кайсы маалында көп бөлүнөрүн аныктап чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жакында эле изилдөө жүргүзгөн израилдик окумуштуулар кечинде жасаган дене көнүгүүлөрү алда канча пайдалуу экендигин айтышты. Бул туурасында MedicalXpress берген маалыматта айтылат.

Вейцман институтунун профессору Гэд Ашер жетектеген изилдөөчүлөрдөн турган топ муну далилдөө үчүн чычкандарга иликтөө жүргүзгөн.

Адистер арыктоо үчүн канча убакыт жөө басуу керектигин айтышты
Алар кемирүүчүлөрдү таман алдындагы жол сымал тилке артка жылып кетип турган аппаратка күндүн ар кыл мезгилинде салып, кыймылын ченеп, байкап көрүшкөн. Чычкандарды эки топко бөлүшкөн. Биринчилерин ойгонгондон эки сааттан кийин, экинчилерин ойгонгондон 10 сааттан соң чуркатышкан. Жыйынтыгында кечки убакта кыймылга көп кабылган жаныбарлардын көрсөткөн натыйжасы башкаларга салыштырмалуу (50 пайыз) айырмаланып турган. Дал ошол кечки учурда майларды кетирген процесстерге оң таасирин тийгизген метаболиттер (заттардын алмашуу процессинде тирүү клеткаларда жаралган арабөк заттар) көп бөлүнүп чыккан.

Мындан сырткары, 12 адамга да сыноо жасашкан. Кечинде спорт менен алектенгендер орто эсеп менен кислородду азыраак жутуп, машыгуу майнаптуу болгонун көрсөткөн.