Физиевди UFC Казакстандын желеги менен тааныштырды. Спортчунун түшүндүрмөсү

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Санкт-Петербургда өтө турган UFC Fight Night турниринде тушоосун кесет.
Sputnik

Мелдештин алкагындагы салмакка түшүү иш-чарасы уюмдун YouTube каналына жүктөлгөн.

Алып баруучу Физиевди тааныштыргандан кийин экранда спортчунун аты-жөнү жана Казакстандын желегинин сүрөтү пайда болгон.

Көп өтпөй Физиев бул боюнча Instagram баракчасында түшүндүрмө берди. 

Физиевди UFC Казакстандын желеги менен тааныштырды. Спортчунун түшүндүрмөсү

"Көбү салмакка түшүү учурундагы Казакстандын желеги тууралуу суроолорду берип жатышат. Ачыгын айтканда, эмнеге мындай болуп калганын өзүм деле билбейм. UFC ката кетиргенин айтты. Колдооңуздар үчүн рахмат", — деп жазган мушкер.

Бүгүн, 20-апрелде боло турчу UFC турниринде Кыргызстандын атынан октагонго Рафаэль Физиев менен Антонина Шевченко чыгат.

Ал арада "Пантера" каймана аты бар Антонина Шевченко менен Sputnik агенттигинин кабарчысы маектешүүгө үлгүргөн.