Өкмөт Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча үн катты

Учурда уран чыга турчу жайда чалгындоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Ысык-Көлдүн Тоӊ районунун жана Нарындын Кочкор районунун аймагына кирген Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмалары боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин Ысык-Көл менен Нарын облусунун тургундары уран кенин казууга каршы экенин бир нече жолу билдиришкен. Андан сырткары, учурда социалдык тармактарда элди уран кенин иштетүүгө каршы үгүттөгөн бир нече аудио, видео билдирүүлөр тарап жатат. Аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Мекеменин маалымдашынча, аталган кен 1951-жылы ачылган. Ал жакта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2010-жылы UrAsia in Kyrgyzstan компаниясына лицензия берилген. Алар негизинен Кызыл-Омпол тоосунун Таш-Булак аймагындагы уранды изилдейт. Чалгындоо иштеринин жыйынтыгында бул жайда 3,5 миӊ тонна уран, 8,54 миӊ тонна торий, 10 миӊ тонна фосфор, 34 миӊ тонна цирконий жана 1,6 миллион тонна титан-магнетит бар экени аныкталган.

"Уран-торианит чачылмалары жердин бетинде жайгашкан, азыркы учурда жердин бетинин жалпы радиациялык фону 40тан 80ге чейин мкР/саат, айрым бөлүмдөрдө 130-150 мкР/саат түзөт. Радиоактивдүү кумдардын негизги массасы кесиктин (разрездин) өйдөңкү бөлүгүндө 25 метр тереңдикте жатат. Жогорку катмарларды иштетүү радиоактивдүү кумдарды алып чыгаруу үчүн радиациялык фонддун жалпы деңгээлин төмөндөтөт", — деп айтылат Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тараткан маалыматта.

Алтын, күмүш, нефрит, сурьма... Чет элдиктер ээлик кылган лицензиялар
Билдирүүгө ылайык, UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы кумдарды гравитациялык жол менен тазалап, техникалык суудан башка эч кандай реагентттерди колдонбойт. Андан сырткары, уран чыккан жерге атайын фабрика салынбайт, казып алынган радиактивдүү кум Кара-Балта тоо-кен комбинатында кайра иштетилет. Концентраттар атайын контейнерлер менен темир жол аркылуу ташылат. Гидрометаллургиялык процесстен кийин уран, торий, титаномагнетит, цирконий жана пятиокись фосфор элементтери алынат.

Тазаланган бардык материал бир жерге салынып, рекультивацияланат. Анын ордуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн көп жылдык чөптөр эгилет.

Каражат жагы кандай болот?

Таш-Булак кенин иштетүү программасына жалпы 10 миллион доллардан кем эмес каражат сарпталат.

Алтын, сурьма, жез, гранит казууга лицензия алган чет элдиктер. Тизме
Кенди иштетүүгө жергиликтүү эл үчүн 200-220 жумуш орун түзүлүп, Кара-Балта комбинатында 500дөн ашуун киши эмгектенет. Бул программа Кара-Балта тоо-кен комбинатын 25 жыл иштетүүгө пландалган.

Компания техникалык-экономикалык негиздемени жана курчап турган чөйрөгө тие турчу таасирди баалоо боюнча иштерин аткарат. Аталган эки документ коомдук угууга жана жергиликтүү эл менен макулдашууга чыгарылат.

Маалымат үчүн:

UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы чалгындоо прораммасына жалпысынан 271 миллион сомдон ашык каражат сарптайт. Азыркы учурда чалгындоо иштерин 112 киши жүргүзүп жатат, алардын ичинен 90 киши жергиликтүү элден тартылган.