БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, төраганын орун басары Мирлан Бакиров "Ош" базарынын айланасында акыркы 3-4 күндөн бери болуп жаткан окуяны мэрия тез аранын ичинде чечүүсү керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Депутат өз сөзүндө мэрия парктар менен жолдорду оңдоп жатканы менен башка социалдык маселелер калып жатканын билдирди.
"Ош" базарындагы ижарачылар үч-төрт күндөн бери өзүлөрүнүн турмуш-тиричилигин өткөрүп жаткан жерди коргоп көчөдө жүрөт. Ал жердеги абалды мэрия барып иликтеп, баасын берсе, алар да Кыргызстандын жарандары. Муниципалдык базар болуш керек. Ошол жерге жайгаштыруу маселесин комплекстүү карап чечип берсин", — деди Бакиров.
Депутат өз сөзүндө "ал жерде дагы өрт болуп же дагы башка социалдык маселелер чыгып кете электе барып кырдаалды жайгаштырсын" деди.