"Алтынкендин" жумушчулары ачкачылык жарыялап, айлыкты көтөрүү талабын коюшту

Эки күндөн бери ишке чыга элек жүзгө чукул жумушчу кескин кадамдарга барууга даяр.
Sputnik

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. "Алтынкен" ишканасында кызматкерлер иш таштаганын компаниянын адиси билдирди.

Анын айтымында, нааразылык митингине 100дөй жумушчу чыккан.

"Айлык акынын аздыгына нааразыбыз, кескин кадамдарга барууга даярбыз. Чогулгандардын саны 100гө чамалады. Алты айдан бери маселебизди чечүүнү убадалап жатышат, бирок майнап жок", — деди жумушчу.

Ал жамаат эки күндөн бери ишке чыкпай, ачкачылык жарыялаганын кошумчалады.

"Кыргызалтын" ишканасынын маалымат кызматы чогулгандар ушу тапта тарап кетишкенин билдирди.

"Ош" базарында соодагерлер кайрадан жаңжал чыгарды. Окуянын видеосу
"Иш таштоо болду. Жумушчулардын айтымында, нааразычылыкка айлык акынын аздыгы себеп болгон. Маянаны жогорулатууну талап кылып жатышат. Акция түшкө чейин болду, андан кийин баары тарап кетти. Жетекчилик менен сүйлөшүүдөн кийин аталган маселени чечүү үчүн 31-майга чейин убакыт берилди", — дешти маалымат кызматтан.

Белгилей кетсек, "Алтынкен" ЖЧКсы 2006-жылдын 5-апрелинде түзүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү — алтын жана башка түстүү металлдарды казуу, иштетүү. 2011-жылдын 30-сентябрында "Суберб Пасифик лимитед" деп аталган туунду компаниясы аркылуу "Цзыцзинь" тоо-кен компаниясы үлүштүн 60 пайызын сатып алган. Аталган кендин 40 пайызына "Кыргызалтын" ээлик кылат.

"Алтынкендин" башкы кеңсеси Кеминдин Орловка айылында жайгашкан. Бүгүнкү күндө компанияда 990 адам иштейт.