Алыскы Баткен экенине ишенбейсиң! Көз күйдүргөн 16 кадр

Sputnik

Баткен облусунда жыл сайын миңдеген өрүк бактары гүлдөп баштайт. Көз жоосун алган жаратылыштын кооздугун көрүү үчүн аймакка жүздөгөн турист барат. Жазында Баткен бейиштей эле сезилет.

Облустун аймагындагы өрүк бактары дээрлик 7,5 миң гектар жерди ээлейт. Баткен облусундагы продукциялардын көбү чет өлкөгө экспорттолот.

1 / 16
Баткен облусунда өрүктөр гүлдөй баштады
2 / 16
Өрүк бактардын аянты 7,5 миң гектарга жетет
3 / 16
Баткендеги ар бир короодо өрүк гүлдөйт
4 / 16
Бул жерде миңдеген бак бар
5 / 16
Өрүк бактар аба ырайына жараша март айынын орто ченинде же апрель айында гүлдөй баштайт
6 / 16
Өрүктүн гүлдөшү бир жумадан эки жумага чейин созулат
7 / 16
Ошондуктан жазында Баткен өзгөчө кооз аймакка айланат
8 / 16
Бул бакка 600 жыл болду
9 / 16
Жыл сайын 10 чакага жакын өрүк берет
10 / 16
Зайнаб эженин айтымында, Баткендин көпчүлүк тургундары өрүк сатып жан багат
11 / 16
Баткен өрүгү Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөдө дагы бааланат
12 / 16
Товардын көпчүлүк партиясы чет өлкөгө экспорттолот
13 / 16
Бул аймакта өскөн өрүктүн даамы өзгөчө
14 / 16
Фермерлердин айтымында, түштүктүн ысык күндөрү өрүктүн даамын чыгарат
15 / 16
Метоболизмди өз калыбында кармап туруу үчүн дарыгерлер бир нече даана бышкан өрүк же кургатылган өрүк жеп турууну сунуштайт
16 / 16
Өрүкзарды тигиле карап турсаң дагы өзгөчө күч-кубат аласың