Чет өлкөнүн түрмөсүндө 2000дей кыргызстандык жатат. Тизме

Кыргызстандыктар жети өлкөдө жазасын өтөп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чет өлкөдө жүрүп камалган кыргызстандыктардын саны 1882ге жетет. Бул туурасында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди.

Адам өлтүрүү азайып, башка кылмыштар көбөйдү. Прокуратуранын статистикасы
Анын айтымына караганда, Россиянын түрмөсүндө 1354 кыргызстандык жатат. Казакстанда — 212, Тажикстанда — 34, Өзбекстанда — 19, Кытайда — 18, Германияда — 14, Түркияда 8 киши камалган. Ал эми чет жакта жазасын өтөп жаткан 124 кыргызстандык өлкөгө экстрадицияланган.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан башкы прокурор 2018-жылдын жыйынтыгы менен прокуратура органдарында иштеген эки кишиге кылмыш иши козголуп, 24 кызматкер иштен алынганын айтты.

Мындан сырткары, 2018-жылы жалпы республика боюнча 202 адам өлтүрүү фактысы катталганын, көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 54кө же 21,1 пайызга төмөндөгөнүн белгиледи.

Буга чейин чет жакта өлүм жазасына тартылган кыргызстандыктар тууралуу жазганбыз.