Майлуу-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, кожоюну каза болду

Ушу тапта өрттүн себеби такталып жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарында турак жай өрттөнүп, анын кесепетинен 70 жаштагы үй ээси каза тапканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 50 чарчы метрлик үй толугу менен күйүп кеткен.

Ушу тапта өрттүн себеби такталып жатканы айтылды.