БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Улуу Британияда моюндун талыганын жазам деп кырс эттирген кыз инсультка кабылды. Бул туурасында The Mirror басылмасы жазды.
Ооруканага баргандан кийин адистер моюнду кырсылдатам деп омуртка артериясына зыян кылып алганын айтышкан. Томографияга түшкөндө кыздын инсультка кабылганы аныкталды.
Кан тамырларына операция жасалганына карабастан, денесинин сол тарабы иштебей калган.
Фельдшер болуп иштеген британиялык кыз инсульттун өтүп кетиши арсар экендигин айтууда.
"Ар бир мүнөттө биздин мээнин клеткалары улам өлүп турат. Жаш болсоңуз да, инсультка кабылышым мүмкүн деген кооптонууну эстен чыгарбооңуз кажет", — деген ал.
Кыздын ичпей, чекпей турганы, ал тургай, үй-бүлөсүндө эч ким ким инсультка кабылбаганы белгилүү болду.
Маалыматта анын учурда дарыланып, өз алдынча басканга жарап калганы айтылган.