Радио

Дамир уулу: жакында Кыргызстанда туристтин паспорту иштей баштайт

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу туристтин паспорту аркылуу Кыргызстанга келген туристтин так санын билсе болорун айтты.
Sputnik
Дамир уулу: жакында Кыргызстанда туристтин паспорту иштей баштайт

Кыргызстанда жакында International Travel ID (туристтин паспорту) деп аталган документ пайда болот. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, турист бул карта аркылуу туристтик операторлор, мейманканалар, ресторандар, такси жана банктар тууралуу маалымат ала алат.

"Өлкөгө кирип келе жаткан турист паспортту көзөмөл-өткөрүү пунктунан алат. Андагы QR-кодду мобилдик телефон аркылуу сканерден өткөрүп, Туристтик маалымат борборуна катталат. Ошол замат чет элдик конокко Кыргызстан тууралуу маалымат берилет", — деди Дамир уулу.

Ал ошондой эле туристтин өмүрүнө коркунуч жаралган учурда документ аркылуу ыкчам кызматтарга кабар берсе болорун кошумчалады.