Рельске туруп алган жолтандабасты поезд сүзүп кетти. Видео

Автоунаанын айдоочусу оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. АКШнын Орландо шаарындагы темир жол өтмөгүндө рельске туруп алган жолтандабасты поезд сүзүп кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү полиция Twitter баракчасы аркылуу билдирген.

Кырсыктын видеосу социалдык тармакка жарыяланган.

​Видеодо көрүнүп тургандай, башка унаалар темир жолдон бат-бат өтүп кеткен. Ал эми жолтандабастын айдоочусу өтмөк жабылайын деп калганда араң кыймылга келип, темир жолдун рельсине туруп алган. Бир саамга чейин токтоп туруп кайра жүрүп баштаган учурда катуу ылдамдыкта келе жаткан поезд капталдан сүзүп кеткен.

Айдоочу оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.