Ошто 50дөй байкер жүрүш жасады. Сүрөт

Иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан 50дөй байкер келген.
Sputnik

ОШ, 13-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы борбордук аянтта биринчи жолу мотосезон ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара 13-апрелде өтүп, ага Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген 50дөй байкер катышты.

Мото жүрүш аянттан башталып, Ленин, Навои жана Курманжан датка көчөсү менен өтүп, Сулайман-Тоонун этегине чейин барышты.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар элдин ынтымагын бекемдеп, Кыргызстанда туризмди жана мото туризмди өнүктүрөт деген ишеничте.