Мирзиёевдин улуу кызы Өзбекстанда кызматка дайындалды

Президенттин кичүү кызы Шахноза Мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу башкармалыктардын бирин жетектейт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида республикадагы Маалымат жана массалык коомуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө
Бүгүн, 12-апрелде, аталган агенттикте кеңейтилген курамдагы жыйын өтүп, президенттик администрациянын башчысы Зайнилобиддин Низомиддинов жетекчиликтин жаңы курамын эмгек жамаатка тааныштырды. Алардын арасында президенттин да кызы болгон.

Иш-чаранын катышуучулары агенттик менен өкмөттүн, Олий Мажилистин (парламент) өз ара кызматташуусун, маалымат саясаты жаатындагы иштеле турган кадамдарды талкуулашкан. Алардын ичинде "маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча системалуу иш" деген пункт да болгон.

Президенттин кичүү кызы Шахноза Мирзиёева Мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу башкармалыктардын бирин жетектейт.