БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. WikiLeaks порталынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж кармалганын Британиянын полициясы билдирди.
Эквадордун президенти Ленин Морено эми алар Ассанжга баш паанек бербей турганын айтканын РИА Новости жазды.
Чуулгандуу маалыматтарды жарыялаган WikiLeaks порталынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап келген.
Ал АКШнын Афганистандагы, Ирактагы аскердик операциялары жана Гуантанамо лагериндеги шарт тууралуу жазып чыккандан кийин белгилүү болгон.