Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келди. Түз эфирдин видеосу

Жээнбековду Жумабеков өзү тосуп алып, жыйындар залына коштоп келди.
Sputnik

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келди.

10-апрелде парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков күн тартиби бекитилгенден кийин президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, сөз сүйлөй турганын айткан.

Жээнбековду Жумабеков өзү тосуп алып, жыйындар залына коштоп келди.

Мамлекет башчысы 2018-жылы 27-июнда парламентте депутаттар менен элге кайрылуу жасаган болчу.