Макгрегор фанаттын телефонун колунан жулуп алып, тебелеп салды

Окуя бир ай мурда болгону менен анын видеосу эми гана жарыяланган. Макгрегор бул чатактан кийин кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор менен күйөрман-фанатынын пикир келишпеген учуру тартылып калган видео интернетке жарыяланды. Окуя АКШнын Флорида штатындагы Майами-Бич шаарында болгон.

Макгрегор аны видеого тартып жатканда фанатынын колунан аппаратын жулуп алып, аны жерге таштап, тепселеп жана талкалап салган.

​Мушкер бул кылыгы үчүн бейбаштык жана мүлккө зыян келтирүү боюнча айыпталып кармалган. Кийин жабырлануучу эч кандай доосу жок экенин айтып, иш сотко өтүп кеткенге чейин өз ара элдешип алышкан.