Кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз “Дөө” кармалды

Чыңгыз Жумагулов учурда милицияда сурак берип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте изделип жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Дөө” каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

Кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз “Дөө” кармалды

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыкчам издөө аракеттерин аткарып, натыйжада борбор калаадагы Исанов көчөсүнөн кармалган.

“Учурда ИИМдин тергөө бөлүмүндө сурак берип жатат. Андан соң Бишкек милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилет”, - деди Сеитов.

Эске салсак, 10-апрель түнү Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин алдына белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири 45, экинчиси 36 жаштагы жарандар болгон. Экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кылмышка шектүү катары кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган. Ал эми үчүнчүсү Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланган болчу.