Ал канча жашта экени тууралуу бир топ жылдан бери талаш-тартыш жаралып келет. Биолог Дмитрий Ветошкиндин пикиринде, ал чындап эле 600 жылга чукул жашашы мүмкүн. Бирок анык так жашын айтуу үчүн иликтөөлөрдү жүргүзүү керек.
Бак Зардалы айылына XV кылымда алгачкы жашоочулар көчүп келе баштаганда эле болгону айтылат.
Өрүгүнүн ширин даамын сезген кишилер данегин алып, айыл ичине отургузушкан.
Ушул тапта айыл өрүкзардын аңкыган гүлүн жыттап жашап жаткан кез. Таң калычтуусу, өрүк бак ушул убакка чейин гүлдөп, жылына бир нече чакадан түшүм берет.
Айыл тургундары анын дарылык касиетине бекем ишенет. Эл арасында бул өрүктөн даам таткан аял дени сак, акылы тунук наристелүү болот деп айтылат.