Масалиев Жогорку Кеңеште КСДПсыз жаңы коалиция түзүүнү талап кылды

Конституция боюнча парламенттеги көпчүлүк коалиция бузулса, өкмөт отставкага кетет.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентте жаңы коалиция түзүү керектигин айтты. Депутат мындай пикирин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Масалиев Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев расмий түрдө оппозицияга өткөнүн эске салды. Ал эми коалициянын негизи КСДП фракциясынан тургандыктан, бул коалициялык көпчүлүктүн мыйзамдуулугуна шек келтирип жатканын белгиледи. Андан сырткары, мыйзам боюнча коалициянын курамы өзгөрсө, ал кайрадан түзүлүшү керектигине токтолду.

"Коалициянын негизин түзгөн фракциянын өзүнүн партиясы менен болгон талаш-тартышы жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирип, коомдо түшүнбөстүк жаратууда. Партия бийликке ачык оппоизиция чыкса, ошол партиянын эң чоң фракциясы өзү бийликте турса, муну кандай түшүнүүгө болот? Мен КСДП фракциясы тууралуу айтып жатам. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек", — деди депутат.

Масалиев, андан сырткары, КСДП акыркы 9 жылдагы абалды толук моюнуна алышы керектигин белгиледи.

Атамбаев: КСДПга жаңы саясий кеңеш шайладык, мен лидер бойдон калам
"Азыр деле ушул жерде аткаминерлер өткөн шайлоодо КСДПга жакшы иштеп беришти. Убакыт келип калды, же башка партияны тандап чыгып кетиши керек, же жоопкерчиликти моюнга алышы керек", — деди эл өкүлү.

Депутат андыктан убакытты созбой жаңы коалицияны түзүү керектигин, жаңы коалициялык өкмөт парламенттик шайлоого чейин иштеши керектигин айтты.

Андан сырткары, депутаттар да жасаган иштерине жооп берип, ошол кылганы үчүн сынга алынса адилеттүү болорун билдирди. Анткени учурда өкмөттүн туура эмес жасаган иштери үчүн эл депутаттарды күнөөлөп жатат.

Учурда көпчүлүк коалицияга Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан башка бардык фракция кирет. Алар КСДП, "Республика — Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол".