Кыргызстанда аарылар да каттоого алынат. Жол-жобосу

Депутаттар "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда карашты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы бардык мал-жандыктар, анын ичинде аарылар да идентификациядан өтө турганын Ветеринардык кызматтын өкүлү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

Бүгүн депутаттар "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда карашты.

Эл өкүлү Дастан Бекешев аарылар кандай жол менен идентификациядан өтө турганына кызыкты.

Ветеринардык кызматтын өкүлү аарылар бал челеги менен чогуу каттоого алынарын билдирди.

"Азырынча аарыларга кезек жете элек. Экинчи этапта чочкону, жылкыны жана майда жандыктарды идентификациядан өткөрөбүз. Андан кийин кезек аарыларга жетет", — деди ал.

Кыргызстанда ветлабораторияларды ачуу үчүн 170 млн. сом бөлүнөт
Өз кезегинде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Айтмамат Назаров аарылар "үй-бүлө" (пчелиная семья) деген түшүнүк менен каттадон өтө турганын билдирди.

Ал эми депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, ушул мыйзамдын талаптары аткарылбагандыктан Кыргызстандын экспорттук потенциалы бир кыйла жабыркап жатат.

"Жаныбыздагы Кытайга экспорт кылалы деп жатабыз. Кытайдагы бир топ киши кыргыздын малынын этин жеп, суусун ичели деп жатса, биз алардын шартына көнбөй жатабыз", — деди Жапаров.

Эл өкүлү малды идентификациялоо аракеттери малга бирка салуу менен гана чектелбеши керектигин, малдын туулгандан союлганга чейинки кыймылы каттоого алынып, ал атайын маалымат базасында сакталышы зарыл экенин билдирди.