Бишкекте Төрөкул Айтматов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылды

Ремонт жайдын аягына чейин уланат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкек калаасында Төрөкул Айтматов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылганын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолчулар Огонбаев менен Салиев көчөлөрүнүн ортосунда иштейт.

Жолдон сырткары, тротуарлар менен сугаруу системасы иретке келтирилип, арык түшөт. Иш төрт айга — 10-августка чейин уланмакчы.

Бул мезгил аралыгында транспорт Осмонкул жана Западная көчөлөрү менен каттап турат.