Керемет экен! Түштүк магистралдагы жаңы парктын эскизи

Парктын ичине эмнелер орнотуларын мэрия көрсөтүп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкектеги Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы паркты курууга даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык кызматы парктын аймагына автоунаа токтотуучу жайларды куруу керектигин белгилеген.

Мэрия "Аламүдүн" паркындагы 40 сотых жерди кайтарып алды
Өзгөчө көңүл ирригациялык маселелерди жөнгө салуу, сугаруу жана бак-дарактарды отургузууга бурулган.

Андан сырткары, калаа тургундарынын ыңгайлуу эс алуусу үчүн балдар аянтчасы, воркаут-аянтчасы, жөө адамдар үчүн декоративдик көпүрөлөр, отургучтар орнотулат.

Долбоор боюнча парктын аймагына 2 миңдей көчөттөр отургузулат. Ошондой эле парктын четин айланта чуркоочу жана велосипед тебүүчү жолдор салынат.