Сокулукта октон каза болгон эркек кишинин сөөгү табылды

Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканы маалымдалды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Сокулук районунда ок жеп каза болгон эркек кишинин сөөгү табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан кабарлашты.

Окуя тууралуу маалымат 9-апрель күнү саат 10.45те түшкөн. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканы айтылды.

Чоо-жайы такталып жатат.