Шаардык кеңештин депутаты Павел Десятников мандатын тапшырды

Буга чейин социалдык тармактарда Десятников кош жарандуулукка ээ экени боюнча маалымат тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников мандатын тапшырды. Бул тууралуу Бишкектин аймактык комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Десятников кош жарандуулукка ээ экени боюнча маалымат тараган. Мыйзам боюнча буга жол берилбейт.

"Десятников өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу боюнча арызын берди. Ал мындай кадамга кант диабети менен жабыркап жүргөндүктөн барганын маалымдады", — деди Маматов.

Ал ошондой эле депутаттын кош жарандуулугу бар деген маалымат тастыкталбаганын кошумчалады.