Автоматташтыруу кайсы кесиптерди жок кылат? Еврокомиссиянын иликтөөсү

Экономиканы санариптештирүү иши илим, техника жана математика менен байланышкан адистерге жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Автоматташтыруудан улам кайталама иштерди аткарган кесиптер жок болуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Европа шериктештигинин комиссиясынын докладына шилтеме берип РИА Новости жазды. https://ria.ru/20190408/1552486479.html

Мунун таасири эң биринчи авто заводдордо унаа чогултуучу адистерге жана офис менеджерлерине тийиши ыктымал.

Кыргызстанда эң көп айлык төлөнгөн жумуштар. Рейтинг
Экономиканы санариптештирүү компьютердик инженер сыяктуу иши илим, техника жана математика менен байланышкан адистерге жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

Өзгөрүүлөр өзгөчө аялдар менен жашы өтүп бара жаткан эркектерге дагы таасир этет. Анткени жумуш берүүчүлөр үчүн мындай кызматкерлер "социалдык колдоого өзгөчө муктаж болгондордун" тобуна кирет. Мамлекеттик бюджет ансыз да тартыш болуп турган өлкөлөр үчүн алар дагы бир топ тоскоолдук жаратат.

Андыктан серепчилер адистерге санариптик сабаттуулук боюнча даярдоодон өтүп, өзүнүн жеке "электрондук эсебин" ачууну сунуштайт. Анда потенциалдуу жумуш берүүчүлөр адистин даярдыгы канчалык күчтүү экенин карап турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.