Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналып алыш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Международный турнир серии Гран-при по борьбе алыш-бел боо в Оше
Турнирге катышкан эркектер жана кыз-келиндер Бириккен күрөш уюмунун эрежеси боюнча күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте коомдук жана саясий ишмер, бел боо күрөшүнүн түптөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык Гран-При турнири өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 27-апрелде "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда болот. Ага эркектер жана кыз-келиндер Бириккен күрөш уюмунун эрежеси менен күч сынашат.

Салмактык категориялары:

— Эркектер (классикалык стиль): 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;

— Кыз-келиндер (эркин стиль): 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке
Сегиз жылдан кийин мекенине келген Шевченконун сапары кандай өтүүдө. Сүрөттөр
Эл аралык турнирди Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция жана "Алыш" белбоо күрөшү федерациясы уюштурууда.

Баяман Эркинбаев убагында Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, эл аралык "Алыш" федерациясынын, "Палван" кайрымдуулук фондусунун негиздөөчүсү болгон. Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталган.