Өмүрбек Бабанов чет жакка эмнеге кеткендигин айтты

Ал кезде саясаттагы пикирлештериме куугунтук болду деген пикирин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Шайлоодон кийин стресс болуп, ден соолугумду чыңдап алайын деп үй-бүлөм менен 10 күнгө кеткем. Чет жакта жүргөндө мага Он-Адыр боюнча маселе чыккандыгын айтышты. Бул туурасында саясатчы, "Республика — Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Москвада НТС каналына маек берип жатып айтты.

"Мен Кыргызстанга келээр алдында маек берейин деп чечтим. Шайлоодон кийин стресс болуп, ден соолугумду чыңдап алайын деп үй-бүлөм менен 10 күнгө кеткем. Чет жакта жүргөндө мага Он-Адыр боюнча маселе чыккандыгын айтышты. Андан соң менин саясаттагы пикирлештериме куугунтук болду", — деди Бабанов.

Башкарманын баласы Өмүрбек Бабанов тууралуу 9 факты
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 2018-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө процесси токтотулганын билдирген.