Валентина менен Антонинанын октагондогу айырмасы эмнеде? Машыктыруучунун пикири

Учурда Шевченко машыктыруучусу менен борбордогу отелдердин биринде маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроосуна жооп берүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Октагондо Валентина Шевченко менен Антонина Шевченконун эмне айырмасы бар экендигин машыктыруучусу Павел Федотов айтып берди.

Ушу тапта кыргызстандык мушкер энеси Елена жана машыктыруучусу менен журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат.

"Антонина бою узун болгондуктан аралыкты сактап, алыстан туруп беттеше алат. Көбүнчө соккуга басым жасайт. Валентина туруп дагы, партерде дагы беттеше алат. Октагондогу мүнөздөрү бирдей, артка кайтышпайт, чыдамкай" — деди Федотов.

Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен Бишкекке кечээ, 7-апрелде, келген. Конокторду "Манас" аба майданынан бийлик өкүлдөрү коштогон топ салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Шевченко: жакшы көргөн "Ош" базарымды кыдырам
Шевченко бүгүн, 16:00дө Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт. 9-апрелде Ошко да барат.

Валентина Шевченко 2011-жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчу. Бир топ жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет.

Ал муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.