UFC президенти Sputnik Кыргызстандын Шевченко тууралуу видеосун баракчасына жүктөдү

Видеону алгач Валентина Шевченко жүктөгөн, аны менен Дана Уайт бөлүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Америкалык беделдүү делген UFC мушкерлер уюмунун президенти Дана Уайт Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарткан Валентина Шевченконун Бишкекке келгендеги видеосун өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, Шевченкону "Манас" аба майданынан бийлик өкүлдөрү, журналисттер, күйөрмандары тосуп алып, жолтандабастар коштоп алып кетишкен.

"Чемпион болгон кандай жакшы", — деп жазган Уайт Шевченконун аккаунтун белгилеп.

Сегиз сааттын ичинде видеону 130 миңге чукул киши көргөн.

Валентина Шевченко Кыргызстанда. Учурда эмне болуп жатат
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин видеосун алгач Валентина Шевченко жүктөгөн, аны Дана Уайт бөлүшкөн.

Шевченкону тосуп алгандагы видеону толугу менен көрүңүздөр.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунда 2015-жылдан бери күч сынашып келет. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.