Жээнбеков Шевченко менен жолугуп, жыл сайын Ысык-Көлгө келип турууга чакырды

Мамлекет башчысы Валентина Шевченкону "Даңк" ордени, машыктыруучусун "КРдин дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамын ыйгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда мамлекет башчысы Шевченкону чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктап, "Даңк" ордени менен сыйлаган. Ал эми машыктыруучусу Павел Федотовго спортчуларды даярдоо чеберчилигинин эң жогорку деңгээлдеги машыктыруучулук таланты үчүн ыраазычылык билдирип "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамын ыйгарган. "Кулатуу эр таймаш ММА" Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана спортчунун апасы Елена Шевченко энчилүү сааттар менен сыйланды.

"Бүт өлкө, биздин жүз миңдеген жарандар сиздин спорттук ийгиликтериңизге тынымсыз байкоо салып, жалындуу күйөрман болушууда. Таза жана татаал күрөштө жеңген медалдарыңар биздин көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу. Мунун артында көп жылдык эмгек турат. Алдыга коюлган милдетти аткардыңар, Кыргызстаныбыздын намысын коргодуңар. Келечекте мындан да чоң ийиликтерге жетишип, бүт дүйнөгө спорттогу эң мыкты жетишкендиктерди көрсөтөсүз деген ишенимдебиз!" — деп айткан Жээнбеков.

Валентина Шевченко президентке жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирип, бул ага кайда гана болбосун ар дайым күч-кубат жана жеңишке ишеним берип турарын белгилеген. 

Жээнбеков Шевченко менен жолугуп, жыл сайын Ысык-Көлгө келип турууга чакырды

UFC президенти Sputnik Кыргызстандын Шевченко тууралуу видеосун баракчасына жүктөдү
"Спортчу мекенге, өзгөчө Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө болгон сүйүүсү дайым анын жүрөгүндө орун алганын баса белгиледи. Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону жыл сайын Ысык-Көлгө машыгуу үчүн келүүгө чакырды жана спорттук ишмердигине ийгиликтерди, бекем ден соолук, бакубаттык каалады", — деп айтылат маалыматта.

Коноктор да мамлекет башчысына символикалуу белектерди тапшырды.