Тарыхта мындай болгон эмес! Футболчунун олдоксон кыймылын соцтармак шакаба чекти

Футболчунун күтүүсүз аракети командасын чемпион болуу бактысынан ажыратты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Пари Сен-Жермен" клубунун чабуулчусу Эрик Чупо-Мотинг тарыхта кайталанбай турчу ката кылганын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыкты. Ал француз лигасынын оюндары учурунда командасын чемпион болуу бактысынан ажыратты.

Британ футболчусу пенальтиде топту жаза тээп күлкүгө калды. Видео
ПСЖ командасы Франциянын чемпионатынын алкагында "Страсбург" менен беттешип жатып, оюндун 27-мүнөтүндө Чупо-Мотинг дарбазага кирип келе жаткан топту тебүүнүн ордуна аны дарбазанын сызыгынан токтотуп, командасын голдон куру жалак калтырды.

Бул аракеттин жыйынтыгы менен ПСЖ Франциянын чемпиону болуу бактысынан ажырап калды. Оюн 2:2 эсебинде аяктады. Эгер ПСЖ бир гол ашыкча киргизгенде өлкөнүн чемпиону болмок.

Чупо-Мотингдин бул кылыгы социалдык тармакта түрдүү шакабаларга негиз берди. Керек болсо оюнга көз салып жаткан комментаторлор да мындайды көрбөгөнүн айтышкан.