Композитор Азат Дөөткуловду эскерүү кечеси өтөт

Композитор көптөгөн ырларга обон чыгарып, спектакль жана кинолорго музыка жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Борбор калаада композитор, обончу Азат Дөөткуловду эскерүү кече-концерти өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Жаркын Балыкбаеванын сөөгү кайда коюлары айтылды
Иш-чара 15-апрель күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында болот. Аны мамлекеттик "Учур" жаштар театры менен "Кочкор" коомдук уюму биргелешип уюштурууда.

Композитор 2017-жылдын 13-апрелинде узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал көп жылдан бери кант диабети менен жабыркап жүргөн.

Дөөткулов 2015-жылы чыгармачылыгынын 35 жылдыгын белгилеген. Көптөгөн ырларга обон чыгарып, спектакль жана кинолорго музыка жазган. Акыркы мезгилде мамлекеттик "Учур" жаштар театрында эмгектенип келген. Ал Калый Молдобасанов жана Жумамүдүн Шералиев атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.