Парижде жеке турак жайда болгон катуу жарылуу видеого түшүп калган

Жарылуу биринчи кабат менен бешинчи кабаттын ортосунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Париж шаарынын XIX округундагы имаратта катуу жарылуу болуп, кырсык болгон жерге 50дөй полиция кызматкери тартылган. Бул тууралуу BFMTV телеканалы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан эч ким каза болгон эмес. Жарылуу биринчи кабат менен бешинчи кабаттын ортосунда болгон.

​Тилсиз жоо бир нече убакыттан кийин өчүрүлгөн.