Кыргызстандын хоккейчилери БАЭни утту. Бирок чемпионат буйрубай калды

Улуттук команда тандоо турунун финалында БАЭ менен беттешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Хоккей боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмирлигин (БАЭ) жеңип алды. Бул тууралуу Хоккей боюнча эл аралык федерациянын расмий сайтында маалымдалат.  

Мелдеш бүгүн Абу-Даби шаарында өттү.

Кыргыз футболунда болчу өзгөрүүлөр. Жаңы логотип көрсөтүлдү
Улуттук команда тандоо турунун акыркы этабында үй ээлери БАЭ менен кез келип 7:4 эсеби менен утуп чыкты.

Эсеп санын кыргызстандык Максим Егоров ачты. Оюндун биринчи жана экинчи бөлүгүндө теңтайлашып эсеп санын теңдеп жатышкан. Бирок үчүнчү бөлүктө улуттук команда чыйрала түшүп алдыга оозуп кетти.

Кыргызстандын оюнчулары буга чейинки этаптарда Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконг командаларын ири эсеп менен утуп алышкан.

Бирок кандайдыр бир себептер менен Кыргызстандын жогорудагы төрт жеңиши жокко чыгарылып калды.

Болбосо улуттук команда бүгүнкү жеңиши менен 2020-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатына жолдомо алмак.