Өзбекстандык боксчу каршылашын 19 секундада сулата чапты. Видео

Өзбекстандык Олимпиада чемпиону Шахобидин Зоиров биринчи жолу профессионалдар арасында күч сынашып, жеңишке жетти.
Sputnik

Беттеш 6-апрелде Бириккен Араб Эмирлигинде өттү. Анда Зоиров индонезиялык Энтони Хольта менен рингге чыккан. Атаандашы профессионалдар арасында беш мелдешти утуп, төрт ирет жеңилүү ызасын тартып жана бир жолу тең чыккан.

UFC мушкери каршылашын "Супермендин соккусу" менен сулата чапкан видео
Зоиров Хольтаны биринчи раунддун 19-секундасында эле нокаутка учураткан.

Шахобиддин Зоиров 1993-жылы 3-мартта Өзбекстанда төрөлгөн. Ал 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында 52 килограмм салмакта чемпион болгон. Ошондой эле 2013-жылы Азия чемпионатында коло медаль тагынган.