Өкмөт: кыргыз-казак чек арасындагы абал жөнгө салынды

Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы тартипте өткөрө баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөндөлүүдө, өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын топтолгону катталган соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен сүйлөшүп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун талкуулаган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, макулдашууга ылайык, Абылгазиевдин тапшырмасы менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан шаарына барган. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары дагы өз ара үзгүлтүксүз байланышта болуп, маселени тезинен чечүү аракети жасалган.

"Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча эмнеге унчукпай жатканын түшүндүрдү
Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" (Казакстан тараптан "Карасу") көзөмөл өткөрүү пунктунда 2019-жылдын 19-мартынан тарта элдин күнүмдүк жашоосунда керектелүүчү товарларды ташып кетип жаткан фуралар тыкыр көзөмөлгө алына баштаган. Көп өтпөй эки жүздөн ашык фуранын узун кезеги жаралган. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай абалдын жаралышына казак тараптын Кыргызстандын товарларын тыкыр көзөмөлдөөсү себеп болуп жатканын билдирген болчу.

Кыргызстандын Экономика министрлиги ЕЭКтеги министрлерди чакыртып алууну сунуштаган. Андан сырткары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрү чек арадагы кырдаал боюнча консультацияларды өткөрүшү зарыл экени белгилеген.