Казакстанда 131 ташбаканы чемоданга салып бараткан жаран кармалды. Сүрөт

Тирүү ташбакаларды тийиштүү документтери жок алып бараткан жаран чек арадан кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Казакстандын "Кайрак-авто" чек ара көзөмөл бекетинен 24 жаштагы жаран тирүү ташбакаларды чемоданга салып баратканда кармалган. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын расмий сайтында жазылат. 

Ал Volkswagen үлгүсүндөгү унаа менен Челябинскиге бараткан. Чек арадан анын багажын текшерип чемоданын ачып караганда, 131 тирүү ташбака чыккан. Жигиттин колунда тийиштүү документтери болгон эмес. Мындай контрабанданын базардагы баасы 1 миллион 300 миң теңге же 239 миң 436 сом.

"Тирүү жүктү" Ветеринардык көзөмөл комитетинин адистери коштоп териштирүү үчүн Костанай облусунун Карабал районуна алып кетишкен.