Бишкекте жолго дарак кулап, кыймыл үзгүлтүккө учурады. Сүрөт

Ишемби күнү эртең менен Тыныстанов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде дарак кулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Борбор калаада унаа жолго дарак кулаганын окуянын күбөлөрү "Бишкек сегодня" Telegram каналы аркылуу кабарлап, сүрөтүн жиберди.

Окуя бүгүн, 6-апрелдин таңында, Тыныстанов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Мунун кесепетинен жол жабылып, унаалар өтө албай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар жок. 

Бишкекте жолго дарак кулап, кыймыл үзгүлтүккө учурады. Сүрөт

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык уюму аталган жолдо кызматкерлери иш алып барып жатканын билдирди.