Дүйнөдөгү эң бай киши Жефф Безос аялы менен мүлкүн бөлүштү

Жубайлардын үч эркек баласы жана Кытайдан асырап алган кызы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос аялы Маккензи Безос менен ажырашкандан кийин мал-мүлктү кантип бөлүштүрүү тууралуу бир пикирге келишти. Бул тууралуу Forbes журналы жазды.

Кувейтте никеси кыйылган түгөйлөр үч мүнөттөн кийин ажырашып кетти
Маккензи Безос Washington Post гезити менен Blue Origin аэрокосмикалык компаниясындагы бардык акцияларын күйөөсүнө берди. Бирок Amazon компаниясы алардын биргелешкен үлүшүнүн 25 пайызын алды. Бул өз кезегинде 4 пайызды түзүп, акча менен алганда 35,7 миллиард доллар болот. Forbes журналынын жазышынча, эми Маккензи Безос дүйнөдөгү эң бай аялдардын ичинен үчүнчү орунга чыкты.

Учурда дүйнөдөгү эң бай аялдардын башында L'Oreal косметикалык империясынын мураскери Француаза Беттанкур-Майер (анын байлыгы –49,3 млрд. доллар), андан кийинки орунда Wal-Mart бизнесинин мураскерлеринин бири Элис Уолтон (44,4 млрд. доллар) турат.

"Жефф менен ажырашып тынганыбызга кубанычтамын. Эми ата-эне жана дос болуп калабыз", — деген пикирин ал Twitter баракчасына жазды.

​Жефф менен Маккензи Безос 25 жыл чогуу жашашкан. Алар 1990-жылдардын башында таанышып, 1993-жылы баш кошкон. Экөөнүн үч эркек баласы жана Кытайдан асырап алган кызы бар. Жубайлардын ажырашып жатканы боюнча маалыматтар быйыл январь айында пайда болгон.