Ноокенде 7 жашар баланы уурдап, 120 миң доллар үчүн өлтүрүп салышты

Шектүү менен баланын атасынын ортосунда аласа-бересе боюнча пикир келишпестиктер болгону айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Мады айылында жети жашар баланы уурдап, өлтүрүп салышты. Бул тууралуу КР ИИМинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бала 4-апрель күнү түшкө маал жоголуп, атасы милицияга 5-апрелге караган түнү саат 00.25те арыз жазган.

“Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, КРдин Жазыктар кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон. Бала жоголгон күнү саат 14.00дө атасына бейтааныш адам чалып, баласы үчүн 120 миң доллар талап кылган. Баласын уурдаткан адам 13-апрелге чейин акчаны табышы керек болчу”, — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМден кошумчалашкандай, ошол эле номерден бир сааттан кийин “Өзүм байланышам. Милицияга кабар берсең, балаңды өлтүрөм. Акчаны он күндүн ичинде тап” деген тексттеги билдирүү келген.

Бурулайдын өлүмү. Прокурор 5 милиционердин ар бирин 5 жылга кесүүнү сурады
Укук коргоочулар ошол эле түнү шектүүнүн ким экенин аныктаган. Ал Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ошондой эле наристе уурдалгандан кийин бир нече сааттан кийин өлтүрүлгөнү белгилүү болду.

Шектүү баланын сөөгүн айылдын четиндеги талаага көмүп койгонун айтып берди.

Кылмыш иши буга чейинки 120-беренеден 130-беренеге ("Адамды уурдоодон кийин өлтүрүү") алмаштырылды.

Тергөө маалында белгилүү болгондой, шектүү менен баланын атасынын ортосунда аласа-бересе боюнча пикир келишпестик болгон. Ал уулун жоготкон адам менен чогуу иштеп, үй-бүлөсүн жакшы тааныгандыктан, баланы эч тоскоолдуксуз алып кетип калган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.