Кыргыз футболунда болчу өзгөрүүлөр. Жаңы логотип көрсөтүлдү

Быйылкы жылдан тарта өлкө чемпионатын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Футбол федерациясы Кыргыз премьер-лигасына (КПЛ) расмий түрдө футбол беттештерин өткөрүү укугун берди.

Тагыраагы, Кыргызстандын лигасы менен турнирлерине ребрендинг жасалды. Ага ылайык, Кыргызстандын футбол лигасы Кыргыз премьер-лигасы болуп өзгөрдү. 4-апрелде борбор калаадагы отелдердин биринде жаңыланган формат жана Лиганын бренди көрсөтүлгөн.

Футбол федерациясынын башкы катчысы Медербек Сыдыковдун айтымында, быйылкы чемпионаттын уюштурулушу жаңы деңгээлге чыгат. Ошондой эле төрт турнирди өткөрүү укугу (чемпионат, биринчилик, кубок жана супер кубок) Кыргыз премьер-лигасына берилет.

"Көптөргө белгилүү болгондой, бизде клубдардын чемпионаты анчалык жакшы деңгээлде өтпөйт. Буга байланыштуу сапатын жогорулатууну каалап жатабыз. Максатыбыз — чемпионатты өнүктүрүү. Себеби чемпионат күчтүү болбосо, мыкты курама команда түзүлбөйт. Кыргыз премьер-лигасы жасай турган иш көп", — деди ал.

FIFA жаңы рейтингин жарыялады. Кыргызстан кайсы орунда?
КПЛ президенти Нурбек Атакановдун айтымында, премьер-лиганын жаңы сезонуна сегиз команда катышат. Биринчи лиганын аталышы улуттук болуп өзгөрөт. Себеби анда Нарындан башка аймактардын бардыгы камтылган.

"Келечекте Нарындын маселесин чечсек деген да мүдөөбүз бар. Өлкөнүн түштүгүндө 8, түндүгүндө 10 команда ойнойт. Бул аймактардагы чемпиондордун арасынан абсолюттук чемпион аныкталат. Нормативдик документтердин жыйнагын таратып койдук. Анда чемпионаттын, биринчиликтин, кубоктун жана супер кубоктун регламенттери жазылган. Бул өлкө ичиндеги чемпионаттардын конституциясы сыяктуу эле", — деди Атаканов.

Кыргызстандын футбол чемпионатынын жаңы логотибинин презентациясы дагы болуп өттү. Аны борбор калаадагы агенттиктердин биринин директору Бермет Турсалиева тааныштырды. 

Кыргыз футболунда болчу өзгөрүүлөр. Жаңы логотип көрсөтүлдү

"Логотипти түзүү учурунда кандай ой чагылдырылышы керек деген суроонун үстүндө ойлондук. Акырында биримдиктин символуна токтолдук. Аарылар иште да, жашоодо дагы бирге жүрөт. Анын үстүнө Кыргызстан өзгөчө сапаттуу балы менен таанымал. Мындан улам логотипке аарынын сүрөтүн түшүрдүк. Спорт дүйнөсү биз өзгөчө бал чыгарган өлкөдөн экенибизди билсе деген жакшы тилегибиз бар. Бул бренд туристтик багытта дагы иштемекчи. Логотипте футбол тобунун элементтери дагы камтылган", — деди Турсалиева.

Кыргызстанда KYRGYZ Sport TV деген да канал ачылды. Анда атамекендик командалардын оюндары Youtube каналы аркылуу онлайн көрсөтүлөт.