Кыргызстанга кире да, чыга да албайт. "Манас" аэропортунда жашап жаткан жигит

Арлен 2019-жылы 19-январда саат 05:00дө SU1882 каттамы менен Москва — Бишкек багыты боюнча учуп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Хадаа Арлен аттуу жигит 2019-жылдын январь айынан бери "Манас" аэропортунда жашап жатат. Анын жарандыгын тастыктай турчу документи жок. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Учакты барымтага алган эки өспүрүм Африкага учуп кетмек... Караколдогу чуулуу окуя
Арлен 2019-жылы 19-январда саат 05:00дө SU1882 каттамы менен Москва — Бишкек багыты боюнча экипаждын коштоосунда учуп келген.

"Аэрофлот" авиакомпаниясынын өкүлдөрү аталган жаранга Россиянын Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин өлкөгө киргизүүдөн баш тартуу боюнча документтерин Кыргызстандын Чек ара кызматына берген.

Хадаа Арлен жарандыгы жок экенин тастыктай турчу күбөлүк менен 2019-жылы 18-январда SU 1883 каттамы менен Бишкек — Москва багыты боюнча учуп кеткен.

"Шереметьево" аэропортуна келгенде Россиянын чек ара органдары аны виза режимин бузганы үчүн Россиянын аймагына киргизбей, учуп келген авиакомпания аркылуу кайта Кыргызстанга жөнөткөн.

Хадаанын айтымында, ал Россияга келгенде Кыргызстандын аймагында жарандыгы жок экенин күбөлөндүрө турчу документти жок кылып салган.

Учурда аталган жаран Кыргызстанга да киргизилбей, "Манас" аэропортунун аймагында жүрөт.