Шевченко күйөрмандары менен Бишкекте да, Ошто да жолугат

Валентина Шевченко 7-апрель, жекшемби күнү, Кыргызстанга келет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко күйөрмандары менен Бишкекте гана жолукпастан, Ош шаарына да учуп барат. Бул туурасында спортчунун сапарын уюштуруп жаткан Кулатуу эр таймаш (WEF) федерациясынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, 7-апрелде Шевченко Кыргызстанга келе турганын айткан.

Шевченко Макгрегор жана Нурмагомедов менен катарлашып, 15 мыктынын бири болду
Билдирмеге ылайык, спортчу жекшемби күнү саат 18:30да "Манас 2" аэропортуна конот, эртеси Бишкектеги соода борборлордун биринде саат 16.00дө күйөрмандары менен жолугат. Ал эми 9-апрелде Ош шаарына барып, саат 18.00дө борбордук аянтта жолугушуу өткөрөт.

Уюштуруучулар спортчунун сапары боюнча программа толугу менен кийинчерээк жарыялана турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, былтыр 8-декабрда Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти UFC 231 турниринин алкагында утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Анын UFC уюмундагы кийинки беттеши июнь айына коюлган. Каршылашы америкалык Жессика Ай болмокчу.