БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал эки жумадан бери жөнгө салынбай жатканын айтып, ЕАЭБдин эрежелери ага мүчө мамлекеттердин бардыгына бирдей болбой жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Ал өз сөзүндө салык төлөгөн ишкерлердин товарлары чек арадан өтө албай, кээси чирип бузулуп кетип жатканын белгиледи.
"Чек арадагы абал боюнча бир гана экономика министри Олег Панкратов "алар (казак тарап — ред.) туура эмес кылып жатат" деп эртеден кечке түшүндүрмө берип жатат. Ушул тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьерди жана тийиштүү өкмөттүн өкүлдөрүн чакырып маалымат угуп коёлу", — деди депутат.
Эл өкүлү ошондой эле эгер сүйлөшүү өкмөттүн колунан келбей жатса, сүйлөшүү жүргүзүүнү төрагага сунуштады.
"Өкмөттүн колунан келбесе, анда сиз ошол жакка иш сапары менен барбайсызбы? Казактарга да сунуш кылыңыз, депутаттар кошулалы. Касым-Жомарт Токаевди куттуктаңыз", — деди ал.
Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков чек арадагы абал боюнча такай маалымат алып жатканын билдирди.
"Биздин Бажы кызматынын жетекчиси жана бир киши бүгүн Астанага учуп кетиптир. Өкмөт башчыбыз Казакстандын премьери менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр. Эгер тийиштүү маалымат угабыз десек, анда добушка коюп берейин, ал эми токтом кабыл алабыз десек, анда комитет аркылуу келиши керек болуп калат", — деди төрага.
"15 күн болду. Бизнести колдойбуз деп жатабыз, бирок айткан сөзүбүз менен жасаган ишибиз бир болбой калып жатат. Өкмөт маалымат эле бербестен кандай иштер жасалганын айтып берсин. Эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүшү керек. Бардык тармакта талкуу болуп жатат, биз тараптан реакция жок. Ишкерлердин товарлары чирип банкрот болууда", — деди Карашев.
Жыйынтыгында экономика тармагын көзөмөлдөгөн вице-премьер жана тийиштүү органдардын кызматкерлери парламентке келип маалымат бермей болду.
Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда эки жүздөн ашык фура Казакстанга кирүү үчүн узун кезекте турат. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай абалдын жаралышына казак тараптын Кыргызстандын товаларын тыкыр көзөмөлдөөсү себеп болуп жатканын билдирген болчу.