Бишкекте Атамбаев "Апрель шейиттери" мечитин ачты. Сүрөт

Мечиттин ачылышына Атамбаевден сырткары "Айкөл Ала-Тоо" коомунун мүчөлөрү, 7-апрель окуясында курман болгондордун туугандары, коомчулук катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Борбор калаанын аймагында "Апрель шейиттери" деп аталган мечит ачылып, ага Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев катышты.

Мечиттин курулушу Атамбаев тарабынан эки жыл мурда демилгеленген. Аны салуу үчүн президент 90-жылдардан бери өз менчигиндеги жер тилкесин бергендиги маалымдалган.

"Мечиттин аянты болжол менен 2 гектарга чукул. Анын курулушуна кеткен каражаттын бөлүгү экс-президенттин фондусунан, тагыраагы, өзүнүн жеке акчасынан кетти", — деп билдирди "Айкөл Ала-Тоо" коомунун жетекчиси Амантур Жамгырчиев.

Ал мечиттин ачылышына Атамбаевден сырткары "Айкөл Ала-Тоо" коомунун мүчөлөрү, 7-апрель окуясында курман болгондордун туугандары, коомчулук катышкандыгын кошумчалады.

Мечит Бишкек шаарынын 7-кичирайонунун аймагындагы Болот Юнусалиев менен Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишине курулган.