Экономика министрлиги ЕЭКтеги министрлерди чакыртып алууну сунуштады

Министрликтин мониторингине караганда, ушул тапта өткөрүү пунктунда 250дөн ашуун жүк ташуучу унаа кезекте турат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Казакстандын чек арада көрүлгөн кошумча көзөмөл чаралары Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) укуктук ченемдерин бузуу болуп саналат. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Экономика министрилиги таратты.

Президенттин аппараты кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча үн катты
Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасынын "Ак-Тилек" (Казакстан тараптан "Карасу") көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлгөн. Мындай көрүнүш 29-мартта башталган

Министрликтин мониторингине караганда, ушул тапта аталган өткөрүү пунктунда 250дөн ашуун жүк ташуучу унаа кезекте турат.

Казакстандын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, чек арада эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз, товардык-транспорттук коштомо кагаз, Инвойс же эсеп-фактура, унаалардын техникалык паспорту жана чек арадан өтүү талону сыяктуу документтер текшерилүүдө.

"Мындай аракеттер көмүскө бажы көзөмөлүн жүргүзүү болуп саналат, түпкүлүгүндө Биримдиктин ченемдерине каршы келет. Ошондой эле ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин 25-беренесинин "ЕЭАБ ички рыногунда товарлардын эркин кыймылын камсыздоо" бөлүгүндөгү жобосун бузат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин пикиринде, унаалардын токтоп турганына байланыштуу товар ташуучулар финансылык чыгым тартып, өнөктөштөрү алдында келишимин аткара албай жатышат. Бул өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүн төмөндөтөт.

Мындан улам кыргыз өкмөтүнө Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүн чек арадагы кырдаал боюнча консультацияларды өткөрүүгө чакыртууну сунуштайт.