Тендерде уткан компания МКК жетекчилерин чет өлкөдө эс алдырып келген

Каттоо кызматынын коррупцияга аралашкан жетекчилери тендерде жеңген компаниянын эсебинен чет өлкөгө чыгып келгени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын кээ бир жетекчилерине мамлекетке материалдык зыян келтирип, жарыяланган тендерде жең ичинен өзүнүн тааныш компаниясын өткөрүп жибергени үчүн кылмыш иши козголду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сынак жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун кагаздарын сатып алуу боюнча жарыяланган.

"Катышуучулардын бири тендерди утту делген компанияга салыштырмалуу 253 миллион сом аз сунуштаса да арызы талапка жооп бербейт деген себеп менен өтпөй калган. Үнөмдөө жана мамлекеттин акчасын майнаптуу пайдалануу принциби сакталган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын бир катар жетекчилеринин катыштыгы бар экендиги айтылды.

Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек
Тергөө Каттоо кызматынын мурдагы жана азыркы жетекчилеринин тыгыз байланышы бар экендигин жана алар тендерде жеңген компаниянын эсебинен чет өлкөгө чыгып келгенин аныктаган.

"Аталган жетекчилер чет элдик компания менен келишип алып, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамды тоготпой, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөп, жогорку баа менен келишим түзгөн", — деп айтылган маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда. Сотко чейинки иштер Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренеси менен жүргүзүлүп жатат.